http://www.ktrk.kg/Түштүк Кореяда имарат өрттөнүп, 90 киши жаракат алды

Түштүк Кореяда имарат өрттөнүп, 90 киши жаракат алды

9 Окт 2020 , 10:53 635

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түштүк Кореянын Ульсан шаарында 33 кабаттуу имарат өрттөндү. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, өрт 8-октябрь күнү саат 23:00 башталып, түндө шамал катуу болгондуктан өчүрүү кыйын болгон.

Ооруканага түтүндөн ууланган 88 адам түшкөн. Ал эми имараттын эвакуацияланган айрым тургундары мейманканага жайгаштырылды.

Түштүк Кореянын ММКнын айтымында имараттагы өрт 12-кабатта башталган. Окуянын башка чоо-жайы азырынча айтыла элек, өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

Новости по дате