http://www.ktrk.kg/Эльвира Сурабалдиева: Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат

Эльвира Сурабалдиева: Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат

26 Нояб 2020 , 14:49 704

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева билдирди. 

Жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салуу коронавируска байланыштуу. “Азырынча жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Анда көп киши чогулуп, социалдык аралык сакталбайт, сасык тумоонун таралышына жол ачылат. Айрыкча мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат”, - деди ал.


Новости по дате