http://www.ktrk.kg/Баткен шаарынын борбордук көчөсүндө чачылган таштандылар

Баткен шаарынын борбордук көчөсүндө чачылган таштандылар

6 Янв , 14:31 520

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен шаарынын борбордук көчөсүндөгү таштанды таштоочу урналар убагында тазаланбайт. Таштандылар урналарга батпай, ар кайсы жерде чачылып жатат. Иттер таштандыларды ары-бери сүйрөп көчө толо таштандыга айланат. Мэрия тазалык ишканасына тапшырма берип таштандыларды убагында алдыртып турса жакшы болмок. Бул тууралуу "Элдик репортерго" Баткен шаарынын тургуну билдирүү жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате