http://www.ktrk.kg/Өлкөдө шайлоо аяктады, баштапкы маалыматтар жарыяланды

Өлкөдө шайлоо аяктады, баштапкы маалыматтар жарыяланды

10 Янв , 20:25 988

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 10-январдагы президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берүү кечки саат сегизде токтотулду. БШКнын сайтында автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан алынган алгачкы маалыматтар жарыяланды.

Саат кечки 20.20да алынган маалыматтар боюнча талапкер Садыр Жапаров шайлоочулардын 78,9% добушун алды. Экинчи орунда Адахан Мадумаров (6,5%), үчүнчү орунда Бабыржан Төлбаев (2%) турат.

Референдум боюнча шайлоочулардын 78,7% президенттик системага, 10% парламенттик системага, 4,2% баарына каршы добуш берген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шайлоого добуш берүүчүлөрдүн канча пайызы катышканы жөнүндө маалымат жарыялана элек. Бишкек убактысы менен саат 18:00гө карата кезексиз президенттик шайлоого шайлоочулардын 33,13% (1 180 515 адам) катышкан. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 33,08% (1 178 656 адам) түзгөн.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Новости по дате