
Бюллетендерди кол менен саноодо 83 пайыздан ашык добуш менен Садыр Жапаров алдыда
11 Янв , 12:50
990
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Бюллетендерди кол менен саноодо 83,92 % добуш алып Садыр Жапаров алдыда келе жатат. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлгөн.
Саат 11:00гө карата 2 миң 474 урнанын 1 миң 837синдеги бюллетендер саналып бүттү. Ал эми автоматтык эсептөө урналардын алдын ала эсептөөсү боюнча Садыр Жапаров 79,20 % менен сап башында. Президенттик шайлоого 1 млн 410 миң 50 адам катышты, ал жалпы шайлоочулардын 39,57 пайызын түзөт.