http://www.ktrk.kg/Казакстанда KazCOVID-in вакцинасы убактылуу каттоого алынды

Казакстанда KazCOVID-in вакцинасы убактылуу каттоого алынды

14 Янв , 10:13 567

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Казакстан өз өндүрүшүндөгү KazCOVID-in вакцинасын убактылуу каттоого алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл комитетинин төрагасы Нурлыбек Асылбеков билдирди.

— Министерлик бардык вакциналарды жеткиликтүү кылуу маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бирок бүгүнкү күндө биздин ата мекендик жана «Спутник V» вакциналары боюнча даярдыгыбыз көбүрөөк. Ошондуктан KazCOVID-in вакцинасы 31-декабрда тогуз айга убактылуу каттоого алынды, — деди Асылбеков.

Анын айтымында, ушу тапта ийнелерди алып, вакциналарды жеткирүү жана сактоо өңдүү эмдөөгө даярдык көрүү иштери аткарылууда. Мындан тышкары башка өлкөлөрдүн өндүрүшүндөгү вакциналарды да каттоого алуу маселеси талкууланууда.

— Бүгүн эле Pfizer жана Moderna компанияларын чакыруу тууралуу чечим кабыл алдык. Биздин мыйзамдар аларды тездетилген негизде 70 күнгө чейин каттоого алууга уруксат берет. Улуттук экспертиза борбору документтерди анализдөө боюнча иштөөгө даяр. Бул маалыматтар аталган компанияларга жөнөтүлдү, азыр бул маселе сүйлөшүү баскычында, — деди Асылбеков.

Анын айтымында, Орусиянын «Спутник V» вакцинасын сыноонун жыйынтыктары жакшы болсо, февралдын аягында ал өлкөгө жеткириле баштайт деп күтүлүүдө.

Новости по дате