http://www.ktrk.kg/Вирустун жаңы түрү катталышы ыктымал

Вирустун жаңы түрү катталышы ыктымал

19 Янв , 10:02 226

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Январь айынын аягында февралдын башында коронавирустун жаңы түрү катталышы ыктымал. Бул тууралуу "Ала-Тоо 24" каналына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди. 

Азыркы тапта дүйнө жүзүндө оорунун ондон ашык түрү жайылып, Европа өлкөлөрүндө илдеттин экинчи толкуну курч жүрүп жатат. Бизде дүйнөлүк стандарттагы лабораториялар жок болгондуктан, анын тибин аныктоо кыйын. 

Пандемия башталгандан бери ковиддин түрү боюнча бир жолу изилдөө жүргүзүлгөн. Анда АКШ, Араб өлкөлөрү менен Россиядагы вирустун түрү Кыргызстанда жүргөнү белгилүү болду. Жаңы жылдын алдында массалык жолугушуулар көп болгондуктан, анын кесепети январдын аягында байкалышы мүмкүн.

Новости по дате