http://www.ktrk.kg/Барскоон—Ак-Шыйрак авто жолунун 40-чакырымында кар көчкү түштү

Барскоон—Ак-Шыйрак авто жолунун 40-чакырымында кар көчкү түштү

23 Апр , 10:20 4517

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

22-апрелде саат 15:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон—Ак-Шыйрак авто жолунун 40-чакырымында кар көчкү түштү. 

Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн техникалар тартылды.

Ошондой эле Каракол—Эңилчек унаа жолунун 58-чакырымы кыймылга жабылды. Бул аралыкка узундугу 300, бийиктиги 20 метрди түзгөн, тагыраагы 40 миң кубометр кар көчкү түштү. Жеринде трассаны тазалоо иштери жүрүп жатат.

Новости по дате