http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда каржы пирамида түзгөндөрдүн тузагына илинип, алданган жарандар көбөйдү

Кыргызстанда каржы пирамида түзгөндөрдүн тузагына илинип, алданган жарандар көбөйдү

7 Июль , 21:09 295

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда акыркы кезде каржы пирамида түзгөндөрдүн тузагына илинип, каражаттарын алдатып жиберген жарандар көбөйдү. Быйыл буга байланыштуу ички иштер министрлигине 900дөн ашык факты катталган. Мындай көрүнүштөрдүн басымдуу бөлүгү Ысык-Көл жана Талас облустарында орун алган. Андыктан Ички иштер министрлиги жарандарды ар кандай каржы пирамидаларынын курмандыгы болуп калуудан сактанууга чакырды. 

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталган. Анын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл жана Талас облустарында. Атын жана жүзүн көрсөткүсү келбеген бул каарманыбыз да убагында каржы пирамидасынын курмандыгы болгон. Айтымында, шылуундардын кылтагына кантип түшүп калганын өзү да түшүнбөй калган. Ал жарандардын акчасын алдагандардын аракетин мындайча сүрөттөп берди.

Ушул кезге чейин каржы пирамидасын түзүп, жарандардын акчасын алдоого байланышкан 875 иш сотко жөнөтүлгөн. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кылмыштын мындай түрү акыркы жылдары кескин көбөйүп жатканын белгилешет. Милиция каржылык мыйзам бузгандар Жазык кодексинин 214-“Финансылык пирамидаларды уюштуруу” беренесине ылайык жазага тартыларын эскертет. 



Новости по дате