http://www.ktrk.kg/Адам өмүрүн алган Аксыдагы сел

Адам өмүрүн алган Аксыдагы сел

13 Июль , 21:48 971

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аксыдагы селде агып кеткен 3 жана 5 жаштагы балдар табыла элек. Кечээ, кечке жуук катуу жаап өткөн жамгырдан пайда болгон селдин кесепетинен 6 адам каза болду. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен жергиликтүү тургундар издөө иштерин жүргүзүп жатат. Каза болгондордун алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. 

Сел кырсыгы Нурбек Шайыбековду чоң кайгыга салды. Бир убакта эки кызы, апасы, карындашы жана эки жээнинен айрылып отурат. Күйүтүн ката албай турган Нурбек мырзанын эки жарым жаштагы кызы дагы деле табыла элек. Күтүлбөгөн кырсык Ак-Жол айыл аймагынын Өрдөш жайлоосунда болгон. Нурбек Шайыбековдун каза болгон жакындары жайлоо болушкан. Катуу келген сел турак жайды толугу менен алып кеткен.

Манас Жолдошалиев каза болгон үй-бүлө менен жайлоодо коңшулаш тургандардын бири. Аксакал окуяга күбө, сел келген учурда куткарып калуу аракетин көргөн. Бирок агып турган сел суусунан улам коңшусуна өтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Эки жарым жашар наристе кыз менен беш жаштагы бала дайынсыз болууда. ӨКМ кызматкерлери менен жергиликтүү айыл тургундары издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Дайынсыз болуп жаткан 5 жашар бала Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну экени айтылууда.

Адистердин айтуусу боюнча, келген селдин көлөмү болжол менен 50 кубга жетет. Адам өмүрүн кыйган кырсык ички каттамдарды талкалап, унаа өтүүчү 4 көпүрөнү бузган. Учурда дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө менен катар келтирилген зыянды аныктоо, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Новости по дате