http://www.ktrk.kg/Учурда жалпы 300 миңден ашуун адам вакцина алды

Учурда жалпы 300 миңден ашуун адам вакцина алды

21 Июль , 23:26 287

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө массалык эмдөө иштери уланууда. Учурда жалпы 300 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын 55 миң 789у Бишкек шаарынын тургундары. Ушул тапта миңден ашык эмдөө пункттары эртеден кечке чейин иштеп жатат. Вакцина алуу үчүн болгону паспорт талап кылынат.

Ушул тапта №6 поликлиникада эмдөө “Синофарм”, “Спутник Ви” вакцинасы менен жасалууда. Дарыгерлердин баамында күндөн күнгө вакцина алууну каалагандардын саны көбөйүүдө. Учурда да эмделүүгө кезек күткөндөрдүн саны арбын.

Ал эми жарандардын ыңгайлуулугу үчүн медициналык мекемелерден тышкары соода борборлордо, маданий жана спорт жайларында да эмдөө пункттары иштөөдө. Ооруканадагыдай эле мында да бардык санитардык нормалар аткарылат, вакцина атайын муздаткычта сакталуу.
 
Ордо калаада эмдөө пункттары эртең мененки саат сегизден түнкү саат 11ге чейин иштеп жатат. Ошондой эле күнү-түнү эмдөө жүргүзгөн пунктар бар. Алар №5, 15 жана студенттик поликлиника.


Новости по дате