http://www.ktrk.kg/Улукбек Марипов селден жабыркаган Лейлек районунун Катран айылына барды

Улукбек Марипов селден жабыркаган Лейлек районунун Катран айылына барды

22 Июль , 10:05 268

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жумуш сапарынын жүрүшүндө Баткен районундагы селден жабыркаган Лейлек районунун Катран айылына барды. Ал өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп жаткандыгын, тиешелүү министрликтин кошумча күчтөрү тартылгандыгын айтты. 

"Табият кырсыгы – тилсиз жоо. Мындан ары курмандыктарга жол бербешибиз керек. Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тургундарды кооптуу тилкелерден көчүрүү маселесин тездетүү зарыл. 2018-жылы көчүрүү процесси башталып, жер тилкелери жана курулуш материалдары бөлүнгөн. Бирок түшүндүрүү иштери начар уюштурулгандыктан, тургундар кооптуу тилкелерде жашап кала берген. Жергиликтүү тургундар арасында көчүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин активдештирүү керек", – деди Марипов. 

Зыяндын көлөмү бааланган соң, ырааттуу түрдө бардык жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, Лейлек районунун Катран айылында жүргөн селден улам 28 турак жай жараксыз болуп, Лейлек районунда 93 турак-жай жабыркаган. Ошондой эле Министрлер кабинетинин башчысы Ак-Терек айылында сел кырсыгынан 9-класстын окуучусу каза болгон үй-бүлөнүн акыбалынан кабар алды.


Новости по дате