http://www.ktrk.kg/У. Марипов Газ жана Согмент айылдарындагы өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу иштерин көрдү

У. Марипов Газ жана Согмент айылдарындагы өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу иштерин көрдү

22 Июль , 16:11 304

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында сел ташкындарынан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдар кесепетин  жоюу иштерин көрдү.

Зарыл болгон учурда дагы кошумча күчтөр тартылат. Атайын техниканын  жардамы менен кыска мөөнөттө жолдорду, турак жайлардын жана башка имараттардын  аймагын тазалоо иштерин жыйынтыктоо керек. Адамдар тез арада кадимки жашоо  нугуна кайтуусу үчүн колдон келген күч-аракеттерди жумшоого тийиш, – деди Марипов.

Буга катар ал жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү зарылдыгына басым жасады. Адамдардын коопсуздугу баарынан жогору турат, өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн кооптуу шартта жашоого мүмкүн эмес. Жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттик органдар менен биргеликте табият кырсыктарынын алдын алуу боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын түзүүсү керек. Бул багытта ийгиликтүү иш алып барган башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө зарыл экенин айтты. Баткен облусунун Газ жана Согмент айылдарында 31 турак жай жабыркаган, учурда келтирилген зыяндын кесепетин баалоо боюнча иштер жүрүүдө.

Новости по дате