http://www.ktrk.kg/"Ата-Бейит" комплексине жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууланууда

"Ата-Бейит" комплексине жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууланууда

23 Июль , 10:08 310

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүктүн алынышы боюнча түшүндүрмө берди. Анда залкарлардын сөөгү жаткан комплексте пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Өткөн жумада соц.тармактарда Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүктүн алынышы талкууга түшкөн.

Адистердин айтымында, буга чейин коомчулукта мемориалдык комплекстеги жерге жакын жайгашкан түндүк боюнча кайчы пикирлер айтылып, жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар болгон.

Ушул тапта мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Ошондой эле улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында атайын топ бул маселе боюнча иш алып барып жатат. Азыркы тапта комплекске жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууланууда.
 
Белгилей кетсек, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине атасы, мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эстелигинин жанына коюлган.

Новости по дате