http://www.ktrk.kg/Ош облусунун Достук жана Таш-Арык айылдарына быйыл биринчи ирет таза суу түтүгү тартылууда

Ош облусунун Достук жана Таш-Арык айылдарына быйыл биринчи ирет таза суу түтүгү тартылууда

30 Июль , 0:01 397

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түптөлгөнүнө 30 жыл болгон Ош облусунун Достук жана Таш- Арык айылдарына быйыл биринчи ирет таза суу түтүгү тартылууда. Муну менен 4 миңдей жашоочуга таза суу жетет. Буга мамлекеттик казынадан каражат бөлүнгөн.

Кара-Суунун Достук айылы түптөлгөнү таза суусу жок. Айылдагылар сууну ташып болбосо жакынкы сугат каналындагы сууну тундуруп же кайнатып ичишет. Элеттиктер таза суунун жоктугунан айылда оорулардын саны көбөйүп жатканын да айтышты.
 
Эми, бул кыйынчылыктардын келерки жылдан артта калаарына үмүт пайда болду. Айылга, биринчи жолу суу кампасы курула баштады. Республикалык бюджеттен каржылана турган долбоордун баасы 11 млн. 800 сом ага 200 тонналык сыйымдуулуктагы резервуар керектелет. Бирок, жашоочулар ал дагы белгисиз себептерден улам, убактылуу токтоп калды дейт.

Достуктагы объектиден айырмаланып, Таш-Арык айылындагы суу чыгаруу иши кызуу жүрүүдө. 450 кожолукту ичүүчү таза суу менен камсыздоочу долбоор октябрда бүтөт. 300 кубдук суу кампанын курулушу үчүн республикалык бюджеттен 13,5 млн. сом бөлүнгөн.

Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө таза суусуз дагы 3 айыл бар. Жергиликтүү бийлик көйгөйдү чечүүнүн кошумча жолдорун да караштырып жатканын билдирет.


 

Былтыр, эл аралык демөөрчүлөр тарабынан айылдын борбордук көчөсүнө 10 суу чоргосу орнотулуп берилген. Аталган аймак таза суу менен 70 пайызга камсыз болгон. 6 айылдан турган аймакта 17 миңдей киши жашайт.

Новости по дате