http://www.ktrk.kg/Президент Садыр Жапаров Акжол Махмудовду куттуктады

Президент Садыр Жапаров Акжол Махмудовду куттуктады

3 Авг , 22:20 376

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Садыр Жапаров бүгүн, телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алгандыгы менен куттуктады. 

"Көптөн берки талбаган эмгегиңдин жана талантыңдын натыйжасындагы ийгиликтүү жетишкендигиңди чын жүрөктөн куттуктайм. Сен али жашсың, келечекте алтын медалды дагы багындырасың. Сен бүгүн Манастын чыныгы тукуму экениңди далилдедиң. Күмүш медалды баарынын бактысына эле жаза бербейт. Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу. Миллиондогон мекендештерибиз демин ичине катып, сенин күрөшүңдү көрүп турушту, чын жүрөктөн сүрөп, чын жүрөктөн кабатырланып жатышты. Биз спортчуларыбызды Мекенибизде чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Аман-эсен кайтып келип алгыла!" – деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына мындан ары да ийгиликтерди каалап, калган спортчулар дагы сөзсүз жогорку сыйлыктарга ээ болооруна ишеним артып жаткандыгын билдирди.



Новости по дате