http://www.ktrk.kg/Пандемия маалында Кыргызстандагы туризм тармагы 80 пайыз жоготууларга учурады

Пандемия маалында Кыргызстандагы туризм тармагы 80 пайыз жоготууларга учурады

11 Авг , 10:48 3058

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Пандемия маалында Кыргызстандагы туризм тармагы 80 пайыз жоготууларга учурап, дагы 15 пайыз эс алуу жайлары убактылуу жабылса, 5 пайызы ишмердүүлүгүн токтоткон. Бул тууралуу брифинг учурунда туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. 

Анын айтымында экономиканын төмөндөшүнө байланыштуу өткөн жылы өкмөт тарабынан салык декларациясына жеңилдиктер берилип, Улуттук банк насыяларды кайтаруу мөөнөтүн узартууга көмөктөшкөн. Мындан сырткары ишкердик субьекттерди каржылоо программасы иштелип чыгып, азыркыга чейин ишкерлерге көмөк көрсөтүп келет.

Эске салсак, өткөн жылы пандемияга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча аба каттамдар, темир жол, унаа кыймылына чектөө киргизилип, Кыргызстанда карантин режими 2,5 айга созулган.

Новости по дате