http://www.ktrk.kg/Бишкекте Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү отуруму өттү

Бишкекте Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү отуруму өттү

14 Авг , 14:23 1561

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү отуруму өттү. 

Анда Кыргызстандын маданият министри Кайрат Иманалиев жана Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилованын маданият жаатында кызматташуу, буга чейинки кол коюлган келишимдер, биргелешкен иш-чаралар жана алдыда жасала турган кадамдар тууралуу пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, жыйында китепкана, билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, мастер-класстар, студенттер жана маданият, искусство тармагындагы кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу, региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстанда Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземине даярдануу тууралуу маселелер талкууланды.


Новости по дате