http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда коронавирус 14-сентябрга карата 82 адамдан аныкталды

Кыргызстанда коронавирус 14-сентябрга карата 82 адамдан аныкталды

14 Сент , 10:21 4762

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 14-сентябрга карата коронавирус 82 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 19, Нарын облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 127 адам оорудан сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 605 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 16 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 650 киши айыгып чыкса, 2 миң 576 адам каза болду.


Новости по дате