http://www.ktrk.kg/Шайлоо-2021: Чет өлкөлөрдө 57 шайлоо участкалары түзүлөт

Шайлоо-2021: Чет өлкөлөрдө 57 шайлоо участкалары түзүлөт

16 Сент , 10:52 1468

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Парламенттик шайлоодо Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында чет өлкөлөрдө 57 шайлоо участкалары түзүлөт. 

Мындай чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги отурумунда талкууланып, кабыл алынды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эң көп шайлоо тилкелери Россия Федерациясынын аймагында ачылат. Кошумчалай кетсек Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Новости по дате