http://www.ktrk.kg/Кыргыз-кытай чек арасы 19-21-сентябрга чейин жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы 19-21-сентябрга чейин жабылат

18 Сент 2021 , 15:35 747

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы 19-сентябрдан  21-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады. 

Буга Кытайда "Күздүн орто чени" майрамынын белгилениши себеп болууда. "Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн убактылуу жабылат", — деп айтылат маалыматта.

22-сентябрдан баштап чек ара пунктулары санитардык алгоритм менен ишин жандантат. Тагыраагы, жүк ташуучу автоунаалар Кытайдан Кыргызстанга кайрадан өткөрүлө баштайт.

Новости по дате