http://www.ktrk.kg/Коронавирус: Кыргызстанда 28-сентябрга карата 58 жаңы учуру катталды

Коронавирус: Кыргызстанда 28-сентябрга карата 58 жаңы учуру катталды

28 Сент , 10:02 3165

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 28-сентябрга карата коронавирус 58 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 30, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 14, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Ош облусунда – 2 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 96 адам оорудан сакайды. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 811 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 375 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 5 киши айыгып чыкса, 2 604 адам каза болду.

Новости по дате