http://www.ktrk.kg/Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгы белгиленди

Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгы белгиленди

9 Окт , 15:44 1742

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган салтанатка катышты.

Үч-Булак жайлоосунда "Бирназар - биримдиктин уюткусу" аталышындагы кыргыз урууларынын чет элдик баскынчыларга каршы күрөшү тууралуу тарыхый театралдашкан спектакли коюлду.

Ал этномузыка жана атчан каскадёрлордун трюктары менен коштолду.

Мамлекет башчысы салтанатты ачып жатып, Бирназар бийдин кыргыз жерлерин сактап калууга, сырткы баскынчылардын мизин кайтарууга жана кыргыз урууларынын чек араларын аныктоого кошкон чоң саясий, аскердик жана дипломатиялык салымын белгиледи.

Президент Садыр Жапаровго Бийназар бийдин ата-бабалары, урпактары жана анын санжыра дарагы тууралуу архивдик материалдар көрсөтүлдү. Иш-чарада түрдүү этно-оюндар көрсөтүлуп, бүркүт салуу, тайган жарыштары болду.

Новости по дате