http://www.ktrk.kg/COVID-19: Өзбекстанда бир бейтапты дарылоого болжол менен $1,4 миң коротулууда

COVID-19: Өзбекстанда бир бейтапты дарылоого болжол менен $1,4 миң коротулууда

12 Окт , 8:46 726

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктурган жана абалы орто адамды дарылоого мамлекеттик бюджеттен болжол менен 1,4 миң доллардан жумшалууда. Бул тууралуу "Өзбекстан 24" телеканалынын эфиринде Зангиатадагы №2 инфекциялык оорукананын директору Дониёр Миразимов билдирди.

Анын айтымында, күн сайын өлкөдөгү ковид-ооруканаларга 130-140тан бейтап жеткирилүүдө. Алардын ичинен абалы оорлорунун көбүн өнөкөт оорулары барлар жана 60 жаштан ашкан адамдар түзөт.

"Өлкөдө коронавируска каршы жалпы эмдөө иштери апрелде эле башталган. Тактап айтканда, бизге азыр вакцина алууга толук мүмкүнчүлүгү болуп, бирок түрдүү себептер менен аны албаган адамдар жеткирилип жатат", – деди Миразимов.

9-октябрда Зангиатадагы №1 инфекциялык оорукананын башкы дарыгери ковид-борборго күн сайын эрезеге жете элек 25ке жакын бала жеткирилип жатканын, дарыланып жаткандардын жалпы саны 160ка жеткенин билдирген. Ал буга өлкөдө коронавирустун дельта-штаммынын жайылып жатканы себеп болгонун кошумчалаган.

Новости по дате