http://www.ktrk.kg/Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну сүзүп кетти

Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну сүзүп кетти

18 Окт , 15:32 169

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 01:55тер чамасында 20 жаштагы айдоочу мас абалында “Мазда-Демио” унаасы менен Горький жана Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинен адамды сүзүп кеткен. Ал жолдогу оңдоп-түзөө иштерин көрсөтүп турган жол белгилерин карабай ошол жерде иштеп жаткан “Аргын-Курулуш” ишканасынын жумушчусун сүзгөн. 

Жумушчу ошол жерде жан берген. Унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу тергөө кызматына жеткирилген. Тийиштүү соттук-медициналык, автотехникалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Новости по дате