http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирус 112 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирус 112 адамдан аныкталды

26 Окт , 9:44 1165

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирус 112 адамдан аныкталды. Республикалык штаб билдирген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 43, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда - 2, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 4 адам вирусту жуктуруп алган. Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайып чыккан. 

Сутка ичинде COVID-19дан өлкө боюнча эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 680 бейтап, амбулатордук түрдө 687 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 741 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 196 киши айыгып чыкса, 2 миң 658 адам каза болду.

Новости по дате