http://www.ktrk.kg/Ош облусу: Конушта ичүүчү таза суу долбоору жыйынтыкталды

Ош облусу: Конушта ичүүчү таза суу долбоору жыйынтыкталды

26 Окт , 21:35 200

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Пандемия шартына карабай, Ош облусунун аймагында акыркы бир жыл ичинде 15 калктуу конушта ичүүчү таза суу долбоору жыйынтыкталды. Дагы жыйырмадай курулуш жүрүүдө. Эми бул долбоорлордун узак мөөнөткө кызмат өтөшү үчүн, адистер жер-жерлерде таза суу муниципалдык ишканаларын ачуу зарылдыгын белгилешет. 

100 куб метрлик бул чакан суу кампасы 60тан ашык түтүн отурукташкан Өзгөндүн Бото-Мойнок айылынын ичүүчү таза сууга болгон муктаждыгын жойду. Бул үчүн республикалык бюджеттен 5 млн. сом жумшалган. Айыл тургундарына таза суу күнүнө 5 сааттан берилет. Суунун чыгышын күтүп отургусу келбегендери жакынкы суу каналдарынан минтип, өз алдынча суу насосторун тартып алган. 


Новости по дате