http://www.ktrk.kg/Мексикадагы маркумдар күнүндө коронавирустан каза болгондор эскерилди

Мексикадагы маркумдар күнүндө коронавирустан каза болгондор эскерилди

2 Нояб 2021 , 15:23 408

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мексикада маркумдар күнү белгиленди. Борбор шаар Мехикодо атайын 150 сыйынуучу айкел орнотулуп, мында коронавирустан жакынындарын жоготуп, убагында коштошо албай калган жарандар туугандарын эскеришти. Өлкөдө бул күн көптөгөн жылдар бою майрам катары өтөт. Майрамдын тарыхы индей урууларынын маданиятына барып такалат.

Мексиканын борборунда коронавируска байланыштуу мурда киргизилген чектөөлөрдүн көбү алынып, салттуу Маркумдар күнү белгиленди. Мехико шаарынын бардык аймагында ковид курмандыктарын дегеле бул жарыктык менен коштошкон маркумдарга арналып 150 атайын сыйынуучу айкел орнотулган. Ал эми мында маркумдардын туугандарына алардын сүрөттөрүн илүүгө уруксат берилди.

Белгилей кетсек, Мексиканын салты боюнча Маркумдар күнүндө бардык мүрзөлөр тасмалар жана гүлдөр менен кооздолот. Майрамдын тарыхы индей урууларынын маданиятына барып такалат. Мексикада коронавирус курмандыктары 288 миңге жетти.

Новости по дате