http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда 8-ноябрга карата коронавирус дагы 52 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 8-ноябрга карата коронавирус дагы 52 адамдан аныкталды

8 Нояб 2021 , 10:52 477

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 8-ноябрга карата коронавирус дагы 52 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган. 

Ал эми бир суткада 61 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 816 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 882 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 246 киши айыгып чыкса, 2 миң 689 адам каза болду.


Новости по дате