http://www.ktrk.kg/Кыргызстанга киргендерден ПЧР-тест талап кылынат

Кыргызстанга киргендерден ПЧР-тест талап кылынат

30 Нояб 2021 , 10:20 581

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Министрлер Кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чаралар ушул жылдын 1-декабрынан тарта ишке ашырылаарын билдирди. 

Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар өлкөгө кирүү үчүн эмделүү макамынан көз карандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карай ПЧР-тест тапшырып, ал терс жыйынтыкка ээ болушу керек.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Саламаттык сактоо министрлиги "омикрон" деген жаңы түрүнүн очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизмегин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары республиканын аймагына кирүүгө тыюу салынат. 

Министрлик жана ведомстволорго COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды. Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID-19 жаңы штаммы маселеси боюнча чукул консультация өткөрүлгөн.


Новости по дате