http://www.ktrk.kg/Борбор калаа жаңы жылга карата жаңыча жасалгаланат

Борбор калаа жаңы жылга карата жаңыча жасалгаланат

1 Дек 2021 , 8:39 364

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек мэриясы борбор шаар Жаңы жылга жаңыча кооздоло турганын билдирди.

Жасалгалаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. Аны дизайнер Нурбек Насыранбеков иштеп чыкканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 

Чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек. "Тазалык" ишканасы Ала-Тоо аянтына Жаңы жылдык балатыны орното баштады. Анын бийиктиги 25 метр болот.

Адатта Бишкекте майрамдык жасалга Жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.


Новости по дате