http://www.ktrk.kg/Бишкек жаңы жылга карата улуттук оймо-чиймелер, символдор менен кооздолот

Бишкек жаңы жылга карата улуттук оймо-чиймелер, символдор менен кооздолот

1 Дек 2021 , 9:56 870

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек мэриясы борбор шаар жаңы жылга жаңыча кооздоло турганын билдирди. Жасалгалаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. 

Аны дизайнер Нурбек Насыранбеков иштеп чыкканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек. "Тазалык" ишканасы Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык балатыны орното баштады. Анын бийиктиги 25 метр болот.

Адатта Бишкекте майрамдык жасалга жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.

Новости по дате