http://www.ktrk.kg/Россиянын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы шайлоо тууралуу билдирүү жасады

Россиянын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы шайлоо тууралуу билдирүү жасады

2 Дек 2021 , 10:27 150

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандагы парламенттин депутаттарын шайлоо тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу Россиянын тышкы саясий ведомствосунун сайтында маалымдалат. 

"Кыргызстанда парламенттик шайлоо эл аралык байкоочулардын, анын ичинде курамында КМШнын көзөмөлдөө миссиясынын катышуусунда өттү, добуш берүү ээн-эркин, ачык жана аталган өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык өткөнү белгиленет. Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандарынын добуш берүүсүн уюштурууга кыргыз тараптан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, 16 аймакта 21 шайлоо тилкеси ачылды, анын ичинде Москвада 6 шайлоо тилкеси уюштурулду. Белгилей кетүүчү жагдай биз тараптан зарыл болгон бардык колдоо көрсөтүлдү. Биз Кыргызстан элинин эркин билдирүүнүн натыйжалары ички туруктуулукту чыңдоого, ошондой эле бул өлкөнүн укуктук демократиялык өнүгүүсүнө, экономикасынын прогрессивдүү өсүшүнө жана улуттун жыргалчылыгын шарттайт деп үмүттөнөбүз. Кыргыз парламентинин жаңы курамы Россия менен стратегиялык союздаштык мамилени улантып, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди тереңдетип, Борбор Азияда тынчтык менен коопсуздуктун кызыкчылыгында биргелешкен күч-аракеттерди түзөт деп ишенебиз", - деп айтылат билдирүүдө.


Новости по дате