http://www.ktrk.kg/Электромобилдерди көбөйтүүгө шарттар түзүлүүдө

Электромобилдерди көбөйтүүгө шарттар түзүлүүдө

5 Дек 2021 , 17:11 165

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Министрлер Кабинети өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров электромобилдерди ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди. Төрага транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. "Биз электробустарды борборго кое берели деп пландап жатабыз. 

Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу. Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз, - деди ал жана Мамлекет башчысы Глазго шаарындагы эл аралык климаттык форумда жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилегендигин кошумчалады. 

Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кыл моделдерин көрүп чыгып, анын бирин сынап көрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгынын автопаркын транспорттун экологиялык түрү менен кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.


Новости по дате