http://www.ktrk.kg/Мектеп окуучулары кышкы каникулда 12 күн эс алышат

Мектеп окуучулары кышкы каникулда 12 күн эс алышат

8 Дек 2021 , 10:14 185

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 31-декабрдан 11-январга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Окуу планына ылайык, мектеп окуучулары 12 күн эс алышат. Үчүнчү чейрек келерки жылдын 12-январында башталат. Эске салсак, республикада 2021-2022-окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылган. Бийлик мындай кадамга педагогдордун көбүн эмдөөдөн өткөрүү үчүн жана жайкы туристтик сезонду узартуу максатында барган.

Новости по дате