Жаңылыктар
14 , Март, 9:25 3439

Ла Лига: Чемпиондуктун тагдыры "Эль-Класикодо" чечилиши мүмкүн

image

Ла Лигада интрига күчтүү. Чемпиондуктун тагдыры "Эль-Класикодо" чечилиши мүмкүн же ого бетер чиеленишип, андан да кызыгы арбычудай.

Рамос Реалды алдыга сүрөп келе жатканын баардык күйөрмандар көрүп, кээ бири сүйүнсө, башкасы кабатыр. Эгер Рамос ушунусунан жазбай жылды аяктаса, алтын топтун ээси да болушу мүмкүн. Бирок мында жалпыга маалымдоо каражаттары чоң роль ойноп коёт. Анткени кимиси көбүрөөк пиарланса ошол алтын топтун ээси болуп калат.

Кошумчалай кетсек, Барселона - ПСЖ оюнун кайра өткөрүүнү каалагандардын саны 180 миңге чамалаптыр. Бирок кайрадан ойнотуу жарабайт. Жыйынтык чыкты, бүттү. Бир чети, "Барселонанын" күйөрмандары, "калыстар Реалга тарта беришет" деген пикирлеринен, аз да болсо кайткан чыгаар. 

Бакыт Турдуматов

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз