Жаңылыктар
14 , Март, 12:03 1693

ЧЛнын финалдык бөлүгүнө эмне үчүн Испания клубдары чыга берет?

image

Чемпиондор Лигасында "Барселона", "Реал", "Севилья", "Атлетико Мадрид" деген "динозаврлар" атаандаштарын жеңип 1/8 финалга жетишип, экөөсү кийинки баскычка өтүштү. Бирок "Бавария", "Ювентус", "Манчестер Сити", "ПСЖ" командалары жогоруда аты аталган испаниялык клубтардан эмнеси кем? 

Англиялык клубдардын графиги кышында өтө жыш жайгашып ("Boxing Day") оюнчулар физикалык жактан чарчап калып атышабы? 

Мындай пикирди "өзгөчө" статусу бар Моуринью да карманып келет. Анда чарчабаган "Boxing Day" жок Италия, Франция, Германия клубдарычы?
Алардын командаларын финалда аз кезиктиребиз.
Бирок футбол коомчулугу да (керек болсо калыстар да) мындай тенденцияга көнүп алышканбы?
Эгер "Реал" же "Барселона" утулуп калса, турнирдин кызыгы кетип, киреше да азайышы ыктымалбы? Алардын күйөрмандары эң эле көп экени шексиз. 
Акча маселеси да чоң мааниге ээ. Карасаңар, эң кымбат оюнчулар Испанияда.
Эмнеге кымбат? Себеби, мыкты дриблинг, мыкты техника, мыкты өздөштүрүлгөндөр жада калса сулуулары да ошол жакта.
Медиа өкүлчүлүктөрү ошону эске алып, эфирге чыгарганда короткон акчаларын жабуу максатында УЕФАга кыйыр таасирин тийгизип, калыстар аркылуу "байкатпас" басым жасалабы? Санап отурсаң факторлор толтура.
Андан көрө "Ювентус", "Бавария", "Манчестер Сити", оюн талаасында ырларыңарды созгулачы! Силер деле кыйынсыңар!

Бакыт Турдуматов

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз