Жаңылыктар
11 , Дек, 18:19 9919

Кыргызстандык жеткинчек хоккейчилер Чикагодон алтын медаль менен кайтышты

image

Декабрь айында Чикаго шаарында спорттун хоккей түрү боюнча чемпионат өткөн. Анда АКШ, Россия, Канада менен Кыргызстандын 8 жашка чейинки хоккейчилери күч сынашты. 

“Barrington Ice Arena 2017” деп аталган чемпионатта ата мекендик жеткинчек хоккейчилер куржунун алтын медаль менен толтуруп кайтты. Финалдык беттеште Бишкектик курам америкалык “Ice Dogs” командасы менен беттешип, жеңип алган.


Бишкектик курамдын мыкты оюнчусу атыккан Нуртемир Сулайманов. Ал Чикагодогу турнирде 19 жолу шайбаны каршылашынын дарбазасына киргизген. Нуртемир Санкт-Петербург шаарынан барган клуб жетекчилигинин кызыгуусун жаратып, өз ордун таап, максатына жетти. 

Чемпионаттын алкагында кыргыз хоккейчилери жалпысынан 4 оюн өткөрүп, анын үчөөсүн женип келди. Мындай ийгиликке жамааттын ынтымагы менен мыкты даярдыгы жакшы шарт түзүп берди.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз