Жаңылыктар
26 , Апр, 7:39 2340

Кыргызстан көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатына катышат

image

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык КР көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатына катышат.
Азия чемпионаты 27-апрелден 2-майга чейин Куала Лумпур (Малайзия) шаарында өтөт.

Аталган мелдеште өлкө намысын төмөнкү спортчулар коргойт:

№ ФИО Туулган жылы Спорттук наамы
1. Сауле Ашимова 2003 СЧТ
2. Айша Изабекова 2003 СЧТ
3. Аяна Усубалиева 2002 СЧТ
4. Агата Быковская 2002 СЧТ
5. Карина Капканец 2002 СЧТ
6. Жаңыл Каймазарова-машыктыруучу
7. Ирина Сторчевая-машыктыруучу

Спортчулар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 448 миң сом каралган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда