Жаңылыктар
27 , Апр, 6:08 1576

Бишкекте баскетбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт

image

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык 1-майдан 5-майга чейин баскетбол боюнча “Жеңиш кубогу” эл аралык мелдеши өтөт.

2002-2003-жылы туулган өспүрүмдөр арасындагы “Жеңиш Кубогу” эл аралык мелдеши алтынчы жолу өткөрүлөт.

Мелдеш КР баскетбол федерациясы менен Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлүүдө.

Оюндар ФИБАнын эрежеси боюнча жүрөт. Командалардын ээлеген орундары бардык беттештердеги чогулган упайлардын көптүгүнө жараша аныкталат. Утуш – 2 упай, утулуш – 1 упай.

Мелдештин жеңүүчүлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги диплом медаль жана кубогу менен сыйланат.

Мелдешти өткөрүүгө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 42 миң сом каралган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз