Бүгүн, 23-декабрь күнү, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) кыз-келиндер арасындагы Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орундардын ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чарага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын вице-президенти Жениш Кызалаков катышты.
Мелдештин чемпиону болуп Бишкек шаарынын «Салам-Алик» командасы аталды. Күмүш медалды да Бишкек шаарынын «Улар» командасы тагынды. Чемпионаттын коло байгесин «Дордой» командасы (Бишкек шаары) жеңип алды.
Жеңүүчү жана 2,3-орундарды ээлеген командалар кубок жана медалдар менен сыйланышты.
Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын сезонунда чемпионатта жалпы кыздар арасында 6 команда беттешти.