Кыргызстандык спортчу Манас Абдаким уулу күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды. Аталган мелдеш 9-январь күнү Россиянын Санкт-Петербург шаарында болуп өттү.
Манас Абдаким уулу 68 кг салмакта күч сынашып 4 спортчу менен жолуккан. Бардык беттештер кыргыз спортчусунун жеңиши менен аяктап, мелдештин жеңүүчүсү аталган.