Жаңылыктар
15 , Янв, 14:59 930

Кыргызстандык жаш футболчу Эмир-Хан Кыдыршаев испаниянын “Леванте” клубунда кароодон өтүп жатат

image

Эмир-Хан Кыдыршаев испаниянын “Леванте” клубунда кароодон өтүп жатат. Футболчу азыр 15 жашта.

Эмир-Хан 1,5 жылдан бери атактуу футболчу Паоло Россинин футбол Академиясында окуп, жарым жылдан бери Италиянын “Б” сериясындагы “Перуджа” футболдук клубунда оюн көрсөтүп келген.

Эскерте кетсек, Кыдыршаев шаардык “Илбирс” клубунун тарбиялануучусу.

Валенсиянын “Леванте” футбол клубу 1909-жылы негизделген. Аталган команда Испаниянын өткөн сезонунда 12-орунду ээлеген.

Эгерде жаш футболчу кароодон ийгиликтүү өтсө, Ла-Лигада ойногон алгачкы кыргызстандык болуп калат. Эмир-Ханга ийгилик каалайбыз!


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз