Жаңылыктар
25 , Фев, 15:37 1011

Ош шаарында көк-бөрү боюнча мелдеш болуп өттү

image

Ош шаарында 23-февраль- Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата көк-бөрү боюнча турнир болуп өттү.

Мелдешке Ош облусунан 12 команда (ар бир райондон 2 командадан) жана Ош шаарынан команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Карасуу районунан келген команда, 2-орунду "Алай-2" командасы алса, 3-орунга Кара-Кулжанын командасы ээ болду.Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Жалил Осмонов катышып, улуттук спорттун түрлөрүн калк арасында жайылтуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти. Ош шаардык мэриясы турнирдин байге фондуна 100 000 сом бөлүп берди. Турнирдин уюштуруучулары - Ош шаарынын Көк-Бөрү федерациясы жана Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз