Жаңылыктар
31 , Март, 15:16 863

Денис Петрашов Россиянын ачык чемпионатына катышат

image

Сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 3-9-апрель күндөрү Казань шаарында (Россия) өтө турган Россиянын ачык чемпионатына катышат.  

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат. 

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 1-апрелден 10-апрелге чейин  Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Казань шаарына жөнөтүлөт. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз