Жаңылыктар
9 , Апр, 15:39 608

Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды!

image

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Алматыда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдештин финалына чыгып, Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. 

Финалдык кармаш бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталат.

Маалым кыла кетсек, учурда Алматы шаарында спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдеш өтүп жатат.

Буга чейин "Токио-2020" олимпиадасына жолдомолрду Дария Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков жана Денис Петрашов утуп алган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз