Жаңылыктар
9 , Апр, 15:33 794

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

image

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. 

Махмудов Алматыда өтүп жаткан лицензиялык мелдештин жарым финалдык кармашында индиялык атаандашын 8:1 эсебинде жеңип алды. Муну менен кыргыз балбаны финалга чыгып, жолдомого татыды.

Белгилей кетсек, учурда Казакстандын Алматы шаарында спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдеш өтүп жатат. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз