Жаңылыктар
10 , Апр, 18:30 1300

Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды

image

Кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова (68 кг) менен Айпери Медет кызы(76 кг) Алматыда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдештен Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышты.

76 кг салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы Корея, Өзбекстан, Индия жана Монголия өлкөсүнүн балбандарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, турнирдин чемпиону болду.

Ал эми 68 кг салмактагы балбан кыз Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешин кытайлык Жу Фенгге 5:7 эсебинде уттуруп, экинчи атаандашын 10:3 эсебинде утту. Андан соң, кыргыз балбаны жарым финалдык баскычта индиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип финалга чыгуу менен Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Лицензиялык мелдеште балбан финалга жете турган болсо, автоматтык түрдө Олимпиадага жолдомо алат.

Эскертек кетсек, бул жолдомолор Кыргыхзстан үчүн 11-болду. Буга чейин,  балбандардан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, жеңил атлетчилер Дария Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана суучул Денис Петрашов Олимпиадага жолдомо жеңген.

 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз