Жаңылыктар
10 , Май, 10:24 553

Жоламан Шаршенбековдун Токио Олимпиадасындагы атаандаштары белгилүү болду

image

8-май күнү Болгарияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк квалификациялык турнирдин алкагында Японияда өтүүчү Олимпиада оюндарына  акыркы эки  жолдомо тапшырылды. Молдова менен Армениянын балбандары аталган жолдомону жеңип алышты.

Токиодо грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмакта 16 спортчу күч сынашат. Алдын ала беттештер жана жарым финалдык беттештер 1-августта өтсө, финалдык жана коло үчүн  күрөштөр 2-августта өтөт.

Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 30-июлда болот.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз