Жаңылыктар
14 , Май, 10:29 591

Акжол Махмудовдун Токио Олимпиадасындагы атаандаштары белгилүү болду

image

8-май күнү Болгарияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк квалификациялык турнирдин алкагында Японияда өтүүчү Олимпиада оюндарына  акыркы эки жолдомо тапшырылды. Азербайжан менен Болгариянын спортчулары аталган жолдомолорду жеңип алышты.

Токиодо грек-рим күрөшү 77 кг салмакта 16 спортчу катышат. Алдын ала жана жарым финалдык беттештер 2-августта өтсө, финалдык жана коло үчүн  күрөштөр 3-августта өткөрүлөт.

Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 1-августа болот.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз